Бишкек шаарындагы №1064 шайлоо участкасынын дареги өзгөртүлдү

07 октября 2017

2017-жылдын 7-октябрындагы КР БШК жыйынында Бишкек шаарынын Ленин районундагы №1064 шайлоо участкасынын дареги өзгөртүлдү.

Бишкек шаарынын Ленин районунун №1064 шайлоо участкасы “Улан” кафесинен “Газпром-балдарга” дене тарбия чыңдоо комплексинин имаратына көчүрүлдү.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү