Башкы Жаңылыктар КР БШК “Жарандык коом жана демократия” Коомдук бирикмесинин …

КР БШК “Жарандык коом жана демократия” Коомдук бирикмесинин арызын канааттандыруудан баш тартты

04-Окт, 2017
КР БШКга  “Жарандык коом жана демократия” Коомдук бирикмесинин арызы келип түшкөн. (мындан ары-Арыздануучу)  28.09.2017-ж, кир. № 01-13/2445.
 Арыздануучунун жазгандары  боюнча 2017-жылдын 25-сентябрында Бишкек шаарындагы №26-мектеп гимназиясынын директору Е.Б. Селезнева ата-энелердин жыйналышында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер  С.Ш. Жээнбековду колдоо боюнча үгүт жүргүзгөн.  Арыздануучунун билдиргенине караганда бул аракеттер Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Президенти жана  КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КРнын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 15 бөлүгүнө карама каршы келет. 
Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессининин башка субьектеринин  арыз жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелеринин сакталышына контролдук кылуу боюнча  жумушчу топ 2017-жылдын 30-сентябрындагы биргелешкен жыйында  берилген арызды олуттуу карап чыкты.
Жумушчу топтордун жыйынында Е. Селезнева 2017-жылдын 25-сентябрында мектепте ата-энелердин жалпы жыйналышы болгонун түшүндүрдү. Жыйналыштын жүрүшүндө ал ата-энелер алдында бюджеттен тышкаркы каражаттарды чыгымдоо тууралуу отчет берип, жардам бергени үчүн ата-энелер комитетине ыраазычылык билдирген. 
Чогулуштун аягында Е.Селезнева Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо жарандык позицияны билдирип, алдыдагы шайлоого катышууга чакырган, ошону менен бирге биометрикалык маалыматтарды жыйноочу стационардык пункттун жакынкы дарегин  айтып берген. 
Е.Селезнева эч бир талапкерге үгүт жүргүзбөгөнүн билдирип, ошол жыйындын катышуучулары бул боюнча жазуу жүзүндө далилдеп беришээрин айтып берди. №26-орто мектептин директорунун орун басарлары Саманчинова Т., Лугинина О., окуучулардын ата-энелери  Кадралиева Н., Мурсакматова А., Мухамедова Т., Мамутова Ж., класстын кураторлору Ниязалиева З., Патанина Н. 2017-жылдын 25-сентябрында мектептин директору үгүт жүргүзгөн эмес, бир гана жарандык позицияны билдирген деген жазуу жүзүндөгү  өздөрүнүн арыздарын беришкен.
Ошондой эле жумушчу топтордун жыйынында 2017-жылдын 25-сентябрында мектептеги ата-энелердин жыйынына катышкан ата-энелерди каттоо баракчасы көрсөтүлдү.
 Жумушчу топтордун жыйынында  коалиция тарабынан сунуш кылынган аудиожазууда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Жээнбеков тууралуу бир да сөз жок экенин билдиришти. 
Баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессининин башка субьектеринин (катышуучуларынын)  арыз жана даттанууларын кароонун тартиби жөнүндө” Жобонун 1.6, 1.10 пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конститиуциялык Мыйзамынын  43-беренесинин 4 бөлүгүнө таянып, Кыргыз Республикасында шайлоону өткөрүүдө  шайлоо алындагы үгүт жүргүзүү эрежелеринин сакталышына контролдук кылуу боюнча жумушчу топтун жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процесстеринин башка субьектеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушу топтун биргелешкен чечимине ылайык  КР БШК  арызды  канааттандыруудан баш тартты.  
 
КР БШК аппаратынын  маалыматтык  бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын 2026-жылдын 9-октябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
08-Окт, 2026

КР БШКнын 2026-жылдын 9-октябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүлүүчү жери:  Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 503-кабат, жыйындар залы          Өткөрүү убактысы:  Саат 11:00                                                                        1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу ‎” токтом долбоору жөнүндөБаяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы 2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы  3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы 4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                           Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы           5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайлаган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                 Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу                            
Кененирээк билүү >>
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>