КР БШК айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бошогон мандаттарды кийинки шайланган депутаттыкка талапкерлерге берүү жөнүндө токтом кабыл алды

04 октября 2017

2017-жылдын 4-октябрында  КР БШК  жыйынында  Лейлек жана Сокулук аймактык шайлоо комиссиясында  жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда  токтотуу жана бошогон  мандаттарды кийинки шайланган депутаттыкка талапкерлерге берүү боюнча токтом кабыл алынды. 
Ошентип:
- Баткен облусундагы Лейлек районунун Исфана шаардык кеңешинде А.Тагаев депутаттык  ишти айкалыштырууга  мүмкүн болбогон кызматка дайындалгандыгына  байланыштуу   ыйгарым укуктарын  токтотту, анын мандаты кийинки шайланган депутаттыкка талапкер, Лейлек районунун  айыл чарба боюнча департаментинин бухгалтери Ж.Туйчиевага берилди;
-Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаардык кеңешинде Г.Тураркулованын берген арызына байланыштуу ыйгарым укуктары  токтотулду, анын мандаты кийинки шайланган депутаттыкка талапкер жеке ишкер Б.Дадабаевге берилди; 
-Чүй облусунун Сокулук районунун Саз айыл кеңешинин  Алым у. Р депутаттык ишти айкалыштырууга мүмкүн болбогон кызматка дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктарын токтотту, анын мандаты кийинки шайланган депутаттыкка талапкер Д.Бекбалаевге берилди. 


КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү