КР БШКга 455 билдирүү түшкөн
04 октября 2017
16-августтан 4-октябрга чейин Whatsapp каналы аркылуу 0(770) 660-240 номерине Кыргыз Республикасынын жарандарынан 455 кайрылуу, анын ичинен 266 СМС шайлоо тизмесинен өздөрүн тактоо маалыматтары түшкөн. Аткарылган иштери үчүн 36 алкыш, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерге байланыштуу 26 суроо, республикадан тышкары жерлерде добуш берүүнүн тартиби жөнүндө 36 суроо түшкөн.
17 суроо Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлердин үгүт иштерине байланыштуу болгон, Борбордук шайлоо комиссиясынын милдетине кирбеген 71 суроо берилген, жана 43 суроо уюштуруу маселелерине арналган. Берилген суроолордун көпчүлүгү сурап-билүү мүнөзүндө болду.
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары! КР БШК Whatsapp каналы аркылуу суроолорду кабыл алып, ыкчам маалымат, сунуш берүүнү улантат.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
