Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Б.Төрөбаевге КР КТРКда эфир убактысын бөлүп берүү тууралуу КР БШКнын маалыматы
04 октября 2017
КР БШКда 15-сентябрда өткөн Коомдук телерадио корпорациясынын акысыз берилген эфири боюнча өткөн чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Б.Төрөбаев теледебатка 2017-жылдын 3-октябрында саат 21:30да катышуусу аныкталган.
26-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Б.Төрөбаевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Конутаевдин арызына ылайык талапкер теледебаттарга катышуудан баш тарткан.
29-сентябрда ушул эле кайрылууну кайра чакыртып алуу жөнүндө жана Б.Төрөбаев мындан ары коомдук телерадиокорпорациясы тарабынан уюштурулган теледебаттарга жана акысыз берүүлөргө Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.Төрөбаевдин катыша тургандыгы жөнүндө экинчи кат жиберилген.
КТРКнын берген расмий маалыматына ылайык, БШКнын Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын маалыматтар менен камсыз кылуу маселелери боюнча Жумушчу тобунун сунушун эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.Төрөбаевге 9-октябрда саат 17:55те эфир бөлүнүп берилди.
Бөлүнгөн эфирдин жалпы убактысы 25 мүнөт.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
