Жогорку Кеңештин депутаты Н. Нишановдун ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулду

04 октября 2017

Бүгүн, 2017-жылдын 4-октябрындагы КР БШК жыйынында КР ЖК депутаты Нургазы Нишановдун ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Токтом кабыл алынды.

КР ЖК депутатынын бошогон мандаты “Республика-Ата-Журт” саясий партиясынын тизмесиндеги депутаттыкка кийинки талапкер Зарылбек Рысалиевге тапшырылды.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү