Михайловка айыл өкмөт башчысын шайлоонун натыйжасы жана добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протокол бекитилди

04 октября 2017

Бүгүн, 2017-жылдын 4-октябрында КР БШК жыйынында Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Михайловка айыл өкмөт башчысын 2017-жылдын 22-сентябрындагы шайлоонун натыйжасы жана добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протокол бекитилди.

Юсупова Тоту Жумашевна Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Шайланган айыл башчысына бекитилген үлгүдөгү күбөлүк берүү Түп аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.


КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү