Борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык 91 байкоочуну аккредитациядан өткөрдү
04 октября 2017
2017-жылдын 4-октябрында Борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык 91 байкоочуну аккредитациядан өткөрдү.
КМШ Миссиясынан, ШКУ Миссиясынан, Армения БШКсынан, Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнөн, Грузиянын РКдагы элчилигинен, Азербайжандын КРдагы элчилигинен, ЕККУнун демократия жана адам укуктары боюнча Бюросунан, Түрк тилдүү мамлекеттер Кызматташтык Кеңешинин жана Европа Парламентинин өкүлдөрүнөн эл аралык байкоочулар аккредитациядан өтүштү.
Бардыгы болуп 91 эл аралык байкоочу.
КР Борбордук шайлоо комиссиясы 2017-жылдын 4-октябрына карата дүйнөнүн 52 мамлекетинен 496 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү.
Эл аралык байкоочулардын толук тизмеси менен бул шилтеме боюнча таанышсаңыздар болот.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
