КР БШК төрагасы жумушчу сапар менен Чүй облусунда болду

03 октября 2017

Бүгүн, 2017-жылдын 3-октябрында Борбордук шайлоо комиссиясынын  төрагасы Н.Шайлдабекова  Чүй облусунун аймактык шайлоо комиссияларынын активи менен жолугушуу өткөрүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы жумушчу жолугушуунун катышуучуларына шайлоо процессинин негизги этаптарынын жыйынтыктары, шайлоочуларды маалымат менен камсыз кылуу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө баяндап берди.

Жолугушуу учурунда шайлоонун уюштуруу-техникалык маселелери, участкалык шайлоо комиссиялардагы техникалык жабдууларды тестирлөө, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен укук коргоо органдарынын өз ара аракеттери жөнүндө маселелер талкууланды.

Жолугушуу учурунда Н.Шайлдабекова, бардык АШК жана УШК кызматкерлерине, адистерине башкы талап мурдагыдай эле, аракеттеги мыйзамдын нормаларын жана талаптарын сактап, шайлоо учурунда шайлоо процессинин бардык катышуучуларына бирдей мүмкүнчүлүк түзүү керектигин белгиледи.

Ошондой эле, Борборшайлоокомдун башчысы ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укугун сактоо керектигин,  жана “Кошунаңды ээрчите кел” аттуу акциянын мааниси тууралуу айтып, бул социалдык акцияга катышып, кошуна майып жарандарга жардам берип, алардын активдүү укугун ишке ашырууга жардам бере аларын билдирди..

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү