Участкалык шайлоо комиссияларында техникалык жабдууларды тестирлөө башталды

02 октября 2017

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону уюштурууну жана өткөрүүнүн алкагында участкалык шайлоо комиссияларында техникалык жабдууларды тестирлөө башталды.

Кыргыз Республикасынын аймагында 2 375 участкалык шайлоо комиссиялары иштеп жатат. Республикадан тышкары жерлердеги элчиликтерде, консулдуктарда 37 участкалык шайлоо комиссиялары ачылды. Ал эми Бишкек шаарында кошумча 33 участкалык шайлоо комиссиясы уюштурулган.

УШКлардын инфраструктуралары жакшырды: электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз болууда, интернетке туташтырылган, автоматтык саноо урнасы жеткирилген. Ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү КР БШК менен тыкыс байланышта болуу жана оперативдүү иштери үчүн планшеттер менен камсыз болгон. Ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларында коопсуздукту камсыз кылуу максатында укук коргоо органдарынын кызматкерлери тартылды.

Добуш берүү күнү автоматтык саноо (АСУ) техникасынин үзгүлтүксүз иштешине техникалык жактан  колдоо көрсөтүү үчүн 500 техникалык адис  окутулган.  Ошондой эле 2017-жылдын 3-4-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүгө карата Календарлык планга ылайык даярдалган шайлоо бюллетендерин аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүү жол жобосу өткөрүлөт.

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өтөт.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү