КР БШК шайлоо бюллетендерин аймактарга жөнөттү
03 октября 2017
2017-жылдын 3-4-октябрында «Учкун» басмаканасында Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Талас, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын аймактык шайлоо комиссиялары үчүн шайлоо бюллетендерин кабыл алуу жана жөнөтүү актына кол коюу аземи өттү.
Жалал-Абад облусуна – 544 795, Ош облусуна– 588 948, Баткен облусуна – 243 263, Нарын облусуна – 162 228 , Ысык-Көл – 259 562, Талас – 130 508, Чүй облусуна – 492 283 бюллетень жөнөтүлдү.
Жалпысынан 3 млн 31 миң 811 бюллетень даярдалган, анын ичинен 2 млн 461 миң 219 – мамлекеттик тилде, ал эми 570 миң 592 - расмий тилде.
“Учкун” ААКсындагы бюллетень даярдоо күн-түнү үзгүлтүксүз жүрүп, анын басалышына КР БШК мүчөлөрүнөн турган жумушчу топ, аппаратын кызматкерлери тарабынан мониторинг жүргүзүлдү. ИИМ жана МУКК кызматкерлери тарабынан коопсуздугу камсыз кылынды.
Шайлоо бюллетени жогорку коргоо даражасына ээ, автоматтык саноо урнасы (АСУ) ар бир бюллетенди окугандай атайын коргоо боегу сүртүлгөн.
Кыскача маалымат: Басмаканадагы ылгоо жумушунан кийин шайлоо бюллетендери Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө акт боюнча өткөрүлүп берилет.
Актыга кол коюу иш-чарасына КР БШКнын кеминде үч мүчөсүнүн жана талапкерлердин, саясий партиялардын, басмакананын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда, жараксыз жана ашыкча шайлоо бюллетендери бардык катышуучулардын көзүнчө жок кылынып, акт түзүлүп, алардын колдору коюлат.
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо бюллетендерин аймактык шайлоо комиссияларына акт боюнча өткөрүп берет. Талапкерлердин, саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү шайлоо бюллетендерин өткөрүп берүү ишине катышууга укугу бар.
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Президенти жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамдын 30-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык шайлоо бюллетендерин тиешелүү шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү добуш берүү, күнүнө 10 календардык күн калганда, ал эми участкалык шайлоо комиссияларына добуш берүү күнүнө чейин 2-1 күн калганда жүзөгө ашырылат.
Участкалык шайлоо комиссияларына өткөрүлүп берилүүчү шайлоо бюллетендеринин саны шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын санынын 0,1 пайыздан ашышы мүмкүн эмес.
Басмаканын, шайлоо комиссияларынын орун жайларынан, ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарын бузуу менен, шайлоо бюллетендерин алып чыгууга, ошондой эле көчүрмөсүн алууга жана тартууга тыюу салынат.
Шайлоо бюллетени атайын байланыш менен коопсуздугун камсыз кылуу менен жөнөтүлөт.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
