КР БШК К.Чороевдин шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алды
02 октября 2017
Бүгүн, 2017-жылдын 2-октябрындагы КР БШК жыйынында К.Чороевдин шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алынды.
2017-жылдын 9-июлунда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү көрсөткөн Кыргыз Республикасынын жараны К.Чороевден арыз келип түшкөн.
2017-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Чороев КР БШКга анын талапкерлигин колдогон шайлоочулардын 40 224 кол тамгасын тапшырган.
Кол коюлган барактарды кабыл алуу жана текшерүү жумушчу тобунун “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Чороевдин кол коюлган барактарынын текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө” 2017-жылдын 4-сентябрдагы №67 Протоколу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен бекитилген.
Кол коюлган барактарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Чороевди колдогон шайлоочулардын 40 224 колунун ичинен 22 235 кол тамгасы ишенимдүү эмес, 17 989 кол тамга анык деп табылды.
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон баш тартууга чейин К.Чороевдин шайлоо фондусунун каражаттарынан 1 млн. сом өлчөмүндөгү каражат Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине шайлоо күрөөсү катарында которулган.
КР “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамында көрсөтүлгөн талаптарды аткарбагандыгына байланыштуу, 2017-жылдын 8-сентябрындагы КР БШКнын №425-Токтому менен К. Чороевду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон баш тартылды.
К.Чороевдин 1 млн. сом өлчөмүндө шайлоо күрөөсү Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын депозиттик эсебинен кайтарылып берилет.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
