КР БШК Турсунбек Акундун шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алды
02 октября 2017
Бүгүн, 2017-жылдын 2-октябрындагы КР БШК жыйынында Турсунбек Акундун шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алынды.
2017-жылдын 31-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына “Адам укугу” саясий партиясынын Кыргыз Республикасынын жараны, Турсунбек Акунду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары көрсөтүү чечими келип түшкөн.
2017-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Турсунбек Акун КР БШКга өзүнүн талапкерлигин колдогон шайлоочулардын 35 462 кол тамгасын тапшырган.
Кол коюлган барактарды кабыл алуу жана текшерүү жумушчу тобунун “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Турсунбек Акундун кол коюлган барактарынын текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө” 2017-жылдын 4-сентябрдагы №65 Протоколу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен бекитилген.
Кол коюлган барактарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Турсунбек Акунду колдогон шайлоочулардын 35 462 колунун ичинен 20 930 кол тамгасы ишенимдүү эмес, 14 532 кол тамга анык деп табылды.
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон баш тартууга чейин Турсунбек Акундун шайлоо фондусунун каражаттарынан 650 000 (алты жүз элүү миң) сом өлчөмүндөгү каражат Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине шайлоо күрөөсү катарында которулган.
КР “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында көрсөтүлгөн талаптарды аткарбагандыгына байланыштуу, 2017-жылдын 9-сентябрындагы КР БШКнын №427-Токтому менен Турсунбек Акунду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон баш тартылды.
Ушул чечим менен Турсунбек Акундун 650 000 (алты жүз элүү миң) сом шайлоо күрөөсү Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын депозиттик эсебинен кайтарылып берилет.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
