КР БШК И.Масалиевдин шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алды

02 октября 2017

Бүгүн, 2017-жылдын 2-октябрындагы КР БШК жыйынында И.Масалиевдин шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

2017-жылдын 24-июлунда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына “Кыргызстан Коммунисттер партиясынын” И.Масалиевди Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары көрсөткөн чечими түшкөн.

2017-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер И.Масалиев КР БШКга анын талапкерлигин колдогон шайлоочулардын 36 673 кол тамгасын тапшырган.

Кол коюлган барактарды кабыл алуу жана текшерүү жумушчу тобунун “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер И.Масалиевдин кол коюлган барактарынын текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө” 2017-жылдын 4-сентябрдагы №72 Протоколу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен бекитилген.

Кол коюлган барактарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер И.Масалиевди колдогон шайлоочулардын 36 673 колунун ичинен 30 470 кол тамгасы ишенимдүү эмес, 6 203 кол тамга анык деп табылды.

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон баш тартууга чейин И.Масалиевдин шайлоо фондусунун каражаттарынан 1 млн. сом өлчөмүндөгү каражат Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине шайлоо күрөөсү катарында которулган.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамында көрсөтүлгөн талаптарды аткарбагандыгына байланыштуу, 2017-жылдын 9-сентябрындагы КР БШКнын №429 Токтому менен И.Масалиевди Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон баш тартылды.

И.Масалиевдин 1 млн. сом шайлоо күрөөсү Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын депозиттик эсебинен кайтарылып берилет.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү