Бишкек шаарындагы №1031, №1047 жана №1036 шайлоо участкаларынын схемасы жана чек аралары өзгөртүлдү
02 октября 2017
2017-жылдын 2-октябрында КР БШК жыйынында 2017-жылдын 15-октябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата Бишкек шаарындагы №1031, №1047 жана №1036 шайлоо участкаларынын схемасын жана чек араларын өзгөртүү жөнүндө токтом кабыл алынды.
Ошентип:
- Космическая көчөсүндөгү №160 турак жай №1031-шайлоо участкасынын чек арасына киргизилди;
-Мир проспектисиндеги №29 турак жай №1047 шайлоо участкасынын чек арасына киргизилди;
- “Жал, 30” кичи районундагы №43 турак жай №1036 шайлоо участкасынын чек арасына киргизилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
