Ысык-Көл облусунун Кудургу айыл аймагындагы №3055 шайлоо участкасынын жана Түп айыл аймагындагы №3062 шайлоо участкасынын дареги өзгөртүлдү
02 октября 2017
2017-жылдын 2-октябрдагы КР БШК жыйынында Ысык-Көл обулсунун Кудургу айыл аймагындагы №3055 шайлоо участкасынын жана Ысык-Көл облусунун Түп айыл аймагындагы №3062 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө токтом кабыл алынды.
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Кудургу айыл аймагындагы №3055 шайлоо участкасы Ой-Булак айылындагы клубдун имаратынан Ой-Булак айылындагы орто мектептин имаратына көчүрүлдү.
Ысык-Көл облусундагы Түп районундагы Түп айыл аймагындагы №3062 шайлоо участкасы Шаты айылындагы клубдун имаратынан Д.Молдогазиев атындагы орто мектептин имаратына көчүрүлдү.
КР БШК аппаратынын маалыматтык кызматы
