КР БШК “Демократия үчүн жана жарандык коом Коалициясынын” арызын канааттандыруудан баш тартты

28 сентября 2017

2017-жылдын 24-сентябрында  “Демократия үчүн жана жарандык коом Коалиция” Коомдук Бирикмеси  Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылган (мындан ары-Арыздануучу).

 Арыздануучу өзүнүн арызында 20-сентябрда “Азаттык” радосунун интернет-басылмасындагы: “Кара-Суу: Жээнбековдун штабынын айынан талаш-тартыш” деген макалада Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл башкармалыгында №65-орто мектебинин имаратында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Жээнбековдун шайлоо штабы, ушул эле имаратта №5237 УШК, ошондой эле милициянын таяныч пункту жайгашканын билдирет.   

Арыздануучу өзүнүн талаптарында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Жээнбековдун шайлоо штабынын №5237 УШК орун алган бир имаратта жайгашканынын мыйзамдуулугун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Жээнбековдун пайдасына шайлоо алындагы мыйзамсыз үгүт жүргүзүү маселесин кароону суранат. 

КР БШК материалдарды изилдеп чыгып, төмөнкүлөрдү билдирет.
Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы катта көрсөтүлгөн фактылар боюнча Кара-Суу районунун прокуратурасы жана Кара-Суу райондук аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү менен текшерүү жүргүзгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган имаратта почто бөлүмү, участкалык инспектордун кабинети жана Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин депутаттарынын коомдук кабыл алуусу жайгашканы такталды.

Ошондой эле катта көрсөтүлгөн, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Жээнбековдун шайлоо штабы участкалык шайлоо комиссиясы менен бир имаратта жайгашкан деген факт аныкталган жок. 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 43-беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-абзацына ылайык Мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) арыздар (даттануулар) менен шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкулдөрү жана байкоочуларкайрылда алышат. Арыздар (даттануулдар) жүйөөлүү болуп, алрга негиздеоген далилдер менен бирге берилүүгө тийиш.

Ушуларды эске алып, арызда көрсөтүлгөн фактылардын далилдеринин жоктугуна байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы арызды канааттандыруудан баш тартуу чечимин кабыл алды. 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү