КР БШК “Жогору турган шайлоо комиссиясына шайлоо документтерин жеткирип берүү учурунда кабыл алуу жана өткөрүп берүү учурунда, уруксат берилбеген аракеттен коргоону камсыз кылуунун тартиби жөнүндө” Жобону бекитти
28 сентября 2017
2017-жылдын 28-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында “Жогору турган шайлоо комиссиясына шайлоо документтерин жеткирип берүү учурунда кабыл алуу жана өткөрүп берүү, уруксат берилбеген аракеттен коргоону камсыз кылуунун тартиби жөнүндө” Жобо бекитилди.
Жобо “Жогору турган шайлоо комиссиясына шайлоо документтерин жеткирип берүү учурунда кабыл алуу жана өткөрүп берүү, уруксат берилбеген аракеттен коргоону камсыз кылууда баштыктарды, мүшөктөрдү, кагаз кутучаларды жана атайын сейф-баштыктарды пайдаланууда коргоону камсыз кылуу белгиленет.
Ошондой эле ушул Жобо менен шайлоо документтеринин коопсуздугун жана сакталышын камсыз кылуу, анын ичинде шайлоо бюллетендерин сактоо шайлоо комиссиясына жүктөлөт.
Коопсуздук аракеттерди камсыз кылуу укук коргоо органдарына жүктөлөт (ички иштер органы).
“Жогору турган шайлоо комиссиясына шайлоо документтерин жеткирип берүү учурунда кабыл алуу жана өткөрүп берүү, уруксат берилбеген аракеттен коргоону камсыз кылуунун тартиби жөнүндө” “Жобону бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 17-августундагы №151 токтому күчүн жоготту деп табылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
