Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын тутуму менен резервине өзгөртүүлөр киригизилди
28 сентября 2017
КР БШКнын 2017-жылдын 28-сентябрындагы жыйынында Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын тутуму менен резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды.
Аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн арыздарынын негизинде “Республика” саясий партиясынан, Республикалык коомдук-саясий Кыргызстан куруучулар партиясынан жана “Республика-Ата-Журт” саясий партиясынан А. Дыйканова, О. Абдуллаева жана Н. Зияев комиссиянын тутумунан чыгарылды.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Т. Бекмурзаев, Б. Нышанбаев, А. Дүйшөбаев резервден комиссиянын тутумуна киргизилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
