Борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык дагы 25 байкоочуну аккредитациядан өткөрдү
28 сентября 2017
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 25 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү.
КМШ Миссиясынан (КМШ ПААА), Индия Шайлоо комиссиясынан, Түркия Республикасынын Жогорку Шайлоо кеңешинен, КРдагы ЕСтин Өкүлчүлүгүнөн, Кытайдын чет мамлекеттердеги достук коомунан, Бельгия Королчулугунун Өкүлдөр Палатасынан эл аралык байкоочулар аккредитациядан өтүштү.
Бүгүнкү күнгө чейин КР Борбордук шайлоо комиссиясы дүйнөнүн 43 мамлекетиндеги 35 эл аралык уюмдардан 340 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
