Жалал-Абад шаарындагы №2104 шайлоо участкасынын дареги өзгөртүлдү
28 сентября 2017
2017-жылдын 28-сентябрындагы КР БШК жыйынында Жалал-Абад облусундагы Жалал-Абад шаарындагы №2104 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү боюнча токтом кабыл алынды.
Ошентип, №2104 шайлоо участкасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик каттоо департаментинин имаратынан шаардык автовокзалдын имаратына көчүрүлдү.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
