КР БШК “Шайлоо жана референдум өткөрүүнүн жүрүшүндө аймактык шайлоо комиссиясынын түзгөн административдик укук бузуулар протокол формасы жана аны толтуруу жөнүндө” Нускаманы бекитти

24 сентября 2017

КР БШК 2017-жылдын 24-сентябрындагы жыйынында “Шайлоо жана референдум өткөрүүнүн жүрүшүндө аймактык шайлоо комиссиясынын түзгөн,  административдик укук бузуулар  протокол формасы жана аны толтуруу жөнүндө” Нускамасы бекитилди.

Административдик укук бузуулар жөнүндө протокол түзүүгө, аймактык шайлоо комиссиясынын төрагалары,  ал жокто анын  милдетин аткарган орун басарлары  протокол түзөрү Нускама менен белгиленген.  

Административдик укук бузуулар жөнүндө электрондук мааалыматтар базасы  иштелип чыккан.

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Бекитүү түшүндүрүү жөнүндө”, “Шайлоо жана референдум өткөрүүнүн жүрүшүндө аймактык шайлоо комиссиясынын түзгөн,  административдик укук бузуулар  протокол формасы жана аны толтуруу жөнүндө 2000-жылдын 5-январындагы №197 Токтому күчүн жоготту деп табылды.

 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү