ЕСтин атайын өкүлү П.Буриан:”Евросоюз Кыргызстандагы шайлоо системасын реформалоо ишине мындан ары да колдоо көрсөтүүгө жана жардам берүүгө даяр”

27 сентября 2017

27-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясында  КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекованын Европа Союзунун Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен жолугушуусу болду.
Талаптар алдыдагы 15-октябрда өтүүчү Президенттик шайлоого  даярдыкты жана ошондой эле Кыргызстан менен Европа Союзунун ортосунда шайлоо реформасы боюнча кызматташуунун келечектеги  пландарын талкуулашты.
КР БШКнын төрагасы Евросоздун өкүлдөрүн өлкөдөгү бүгүнкү коомдук-саясий кырдаал, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону эркин, ачык айкын өткөрүү максатында ишке ашырылып жаткан комплекстүү чаралар жөнүндө жана ушул иште БШКнын башкы милдети  болуп, жарандардын шайлоо укуктарын: активдүү укук-шайлоо жана пассивдүү-шайлануу укугун толук деңгээлде ишке ашырууну камсыз кылуу болуп саналаарын билдирди. 
Н.Шайлдабекова Кыргызстандагы саясий системанын туруктуу өнүгүшүнүн негизи болгон,  шайлоо системасын реформалоодо ар тараптуу колдоо көрсөткөн Европа Союзунун институттары менен өнөктөш болуп кызматташуунун маанилүү ролун белгиледи.  
Европа Союзунун Атайын өкүлү П.Буриан Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерге бирдей шарт түзүү, шайлоонун ишенимдүүлүгүн жана ачык айкындыгын камсыз кылуу боюнча шайлоону уюштурууну өркүндөтүү ишинде кыргыз тараптын аракетине оң баа берди: «Биз демократиялык институттарды жана процесстерди курууда Кыргызстан башка мамлекеттерге үлгү болуп калышын чын дилимден каалайм,”- деди. 
Ошондой эле П.Буриан Кыргызстандагы шайлоо системасындагы реформалардын алга жылышына  мындан ары да көмөк көрсөтүп, колдоону уланта берээрине ишендирди.
Жолугушууга КРдагы Европа Союзу өкүлчүлүгүнүн саясат, басма сөз жана маалымат бөлүмүнүн башчысы Яап Ора, Европа Союзунун атайын өкүлүнүн саясий кеңешчиси Кристин Хельтге катышты.    
 
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү