Борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык 75 байкоочуну аккредитациядан өткөрдү

26 сентября 2017

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык 75 байкоочуну  аккредитациядан  өткөрдү. 
Европа Коопсуздук боюнча Кызматташуу Уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын (ЕККУ) жана Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын өкүлдөрү эл аралык байкоочу катары аккредитациядан өттү. Бардыгы болуп 75 эл аралык байкоочу аккредитацияланды. 
2017-жылдын 26-сентябрына карата Борбордук шайлоо комиссиясынан дүйнөнүн 50 мамлекетинен 315 эл аралык байкоочу жана 37 эл аралык уюм аккредитациядан өттү. 
Эл аралык байкоочулардын толук тизмеси менен бул шилтеме боюнча таанышсаңыздар болот. 
 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү