Чүй облусунун  Беловодск  айыл аймагындагы №7292-шайлоо участкасынын дареги  өзгөртүлдү

26 сентября 2017

2017-жылдын 26-сентябрындагы КР БШК жыйынында Чүй облусунун  Москва районундагы Беловодск айыл аймагындагы №7292-шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө токтом кабыл алынды.

Ошентип, Беловодск айыл аймагындагы №7292-шайлоо участкасы ДЭП-28 имаратынан В.Степаненко  атындагы №2-орто мектептин имаратына көчүрүлдү. 

КР БШК  аппаратынын  маалыматтык  бөлүмү