Башкы Жаңылыктар Борбордук шайлоо комиссиясы “Акыйкат шайлоо үчүн” коомдук кыймылы …

Борбордук шайлоо комиссиясы “Акыйкат шайлоо үчүн” коомдук кыймылы менен жолугушуу уюштурду

Борбордук шайлоо комиссиясы “Акыйкат шайлоо үчүн” коомдук кыймылы менен жолугушуу уюштурду
26-Сен, 2017

Борбордук шайлоо комиссиясы “Акыйкат шайлоо үчүн” коомдук кыймылы менен жолугушуу уюштурду. Жолугушууга Р.Жээнбеков, Р.Отунбаева, Ф.Кулов, А.Эркебаев, Р.Карасартова, Э.Каптагаев, Нарын Айып, коомдук байкоочулар жана ЖМК өкулдөрү катышты.

 Анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча маанилүү маселелер талкууланды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы 15-октябрда өтүүчү Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоо процессинин негизги этаптары жөнүндө жыйындын катышуучуларына  кенен маалымат берди.

Участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн автоматтык саноо урнасынын (АСУ) технологиясын окутуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттери жөнүндө маселелер талкууланды.

КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова белгилегендей, КР БШК өзүнүн  ишмердүүлүгүн  Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Кыргыз Республикасынын Президентин  жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу” КР конституциялык Мыйзамын, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  борбордук комиссиясы жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып жүргүзөт, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы-бул чечимдерди ачык добуш берүү менен кабыл алган коллегиялуу орган.

2015-жылы иштелип чыккан маалыматтык шайлоо системасы (МШС) 2016-жылкы  референдумда жана  2017-жылы май айында жергиликтүү кеңештерди шайлоодо  сыноодон өткөн, эл аралык компаниянын сертификатына ээ, ушуга байланыштуу ал эч кандай күмөндүүлүк  туудурбаш керек.

Жаңы шайлоо технологиясы  КР БШК менен Түштүк Кореянын кызматташуусу боюнча эл аралык агенттиги менен биргелешип иштелип чыккан.

Бүгүнкү күндө программанын бардык тейлөө коду  кыргыз тарапка берилген жана БШКнын адистери тарабынан тейленет.

МШС-маалыматтык шайлоо системасы Кыргыз Республикасында референдум жана шайлоону даярдоо жана өткөрүү  ошондой эле анын жыйынтыгы жана анын жүрүшү жөнүндө маалымат жарыялоого ылайыкташкан.

МШС тутумуна төмөнүлөр кирет:

-УШКларда  шайлоо бюллетендерин кабыл алуучу автоматтык саноочу урна (АСУ);

-МШС программалык камсыздоо (ПК), чогултуу функциясын аткарган, сактоо жана  шайлоо жөнүндө маалымат сунуш кылуу;

-АСУ маалыматтары корголгон байланыш каналы аркылуу БШКнын борбордук серверине берүү;

-сервер жабдуусу, маалыматтык шайлоо системасынын программалык камсыздоосу жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоочу жабдуулардын комплекси.

Жолугушуунун катышуучуларына автоматтык саноо урнасынын(АСУ) иши көрсөтүлдү.

БШКнын кызматкерлери  жолугушуунун  катышуучулары  үчүн “Сенин добушуң-сенин келечегиң” аттуу добуш  берүү   кампанияны тестирлөө өткөрүшүп, добуш берүүнүн процессин көрсөтүштү. 

АСУ шайлоо бюллетендерин кабыл алып санагандан кийин, шайлоо күнү  20:00дөн соң, модем маалыматтарды добуш берүү аяктагандан кийин БШКнын  серверине жөнөтөт.

Борборшайлоокомдун серверинде АСУнун маалыматтарын  чогултуу жана сактоо  жүрөт, андан кийин маалыматтар расмий порталга жайгаштырылат http://ess.shailoo.gov.kg.

Коомдук  институттардын жана уюмдардын Кыргызстандагы шайлоону өткөрүүгө даярдык көрүү процессине кызыгуу менен байкоо жүргүзүүсү- КР  БШК шайлоонун жыйынтыгын акыйкат, таза   жана ишенимдүү  чыгарууда  биометрикалык технологияны колдонуу, шайлоочуларды идентификациялоо жана добуштарды автоматтык саноо урнасын пайдалануу менен  жаңы шайлоо технологиясын ийгиликтүү турмушка ашышына байланыштуу  болду.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>