КР БШК билдирет: шайлоо бюллетендерин басуу процесси башталды

25 сентября 2017

15-октябрга дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого байланыштуу  шайлоо бюллетендерин басуу процесси  башталды.

Маанилүү документ катары, катуу эсепке алынып басылып жаткан  бюллетендерди көзөмөлдөө максатында  КР БШК мүчөлөрү жана БШК аппаратынын кызматкерлери күн-түн дежурлук жүргүзүүдө.

Шайлоо бюллетендерин даярдоо учурунда ар бир саат сайын коргоо даражасын жана талап кылынган формага ылайыктыгын текшерүү максатында автоматтык эсептөө урнасы (АСУ) аркылуу алдын ала тестирлөө иштери  жүрүүдө.

Календардык планга ылайык шайлоо бюллетендери добуш берүү күнүнөн 10 календардык күндөн кечиктирбей  (2017-жылдын 5-октябрына чейин) даярдалышы керек.
Шайлоо бюллетендерин басуу процессинде ИИМ жана МУКК кызматкерлери күзөт ишин камсыз кылышууда.

Республикада 2375 шайлоо участкалары ачылган, алардын ичинде Бишкек шаары боюнча 33 участкасы кошумча ачылган. Ал эми Кыргыз Республикасынан  тышкаркы жерде 37 шайлоо участкалары иштеп жатат. Республика боюнча 2305 негизги шайлоо участкалары бар.

2017-жылдын 25-сентябрына карата шайлоочулардын саны 2 919729 адамга жеткен. 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү