КР БШК айрым жергиликтүү өз алдынча  башкаруунун аткаруу органдарын шайлоо дайындалды

24 сентября 2017

2017-жылдын 24-сентябрындагы КР БШК  жыйынында  Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын айрым башчыларын  шайлоо жөнүндө токтом кабыл алынды.

Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинде, Жалал-Абад облусундагы   Токтогул районунун  Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинде, Тогуз Торо районунудагы  Тогуз-Торо айылдык кеңешинде, Чаткал районундагы Терек-Сай айылдык кеңешинде  жаңы шайланган кеңештердин биринчи сессиясы болуп өттү.

Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын мэрин, Жалал-Абад облусунундагы Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн, ТогузТоро районундагы  Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн, Чаткал районундагы Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2017-жылдын 10-октябрында саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүү дайындалды.

Шайлоону Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарына ылайык  уюштуруп  өткөрүүнү   аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды. 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү