КМШ байкоочулар Миссиясынын штабы ишин баштады
22 сентября 2017
22-сентябрда КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекованын Көз каранды эмес мамлекеттердин Аткаруу комитетинин Миссиясынын атайын өкүлдөрү менен жолугушуусу болду.
Жолугушууга: КМШ Аткаруу Комитетинин төрагасынын орун басары В. Гуминский, КМШ АКнын бөлүм начальниги Е. Слобода ,
КМШ АКнын кеңешчилери О. Кулеба жана Е. Козяк, КР БШК мүчөсү Б.Кадыров, аппараттын эл аралык бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.
Тараптар 2017-жылдын 15-октябрында дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата КР БШКнын даярдыгы жана КМШ Штабынын Миссиясынын ишин уюштуруу маселелерин талкуулашты.
Гуминский чакыргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына ыраазычылык билдирип, КМШ Миссиясынын башкы милдети-Кыргыз Республикасынын аракеттеги шайлоо мыйзамдарына жана жол жоболоруна толук ылайык шайлоого бейтарап байкоочулук жүргүзүү болуп саналат деди.
Ошондой эле ал, КМШ Миссиясы шайлоону уюштурууда өзүнүн кеңештерин берип, тажрыйбасын бөлүшөөрүн билдирди. КМШ Миссиясын КМШ АК төрагасы С. Лебедев жетектейт. Ал шайлоого жакын келмекчи.
КМШ Миссиясынан бардыгы болуп 200гө жакын эл аралык байкоочунун келиши күтүлүүдө.
КМШ Миссиясы Кыргызстандагы шайлоого мониторинг жүргүзүү ишинде жетиштүү көмөк көрсөтөт-деп билдирди Н.Шайлдабекова.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
