КР БШК айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп жана бош орундарды кийинки шайланган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө токтом кабыл алды

20 сентября 2017

2017-жылдын 20-сентябрында КР БШКнын жыйынында  Ноокат, Ат-Башы, Кочкор жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын  айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бошогон мандаттарды кийинки шайланган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө токтом кабыл алынды. 
Ошентип:
-Ош облусунун Ноокат районунун Ынтымак айылдык кеңешинде М.Мурзаев өз арызынын негизинде ыйгарым укуктарын токтотту, мандат кийинки депутаттыкка талапкер болуп шайланган-“Түштүк Кыргыз Цемент” ЖАКдагы машинисттин жардамчысы А.Гулматовго өткөрүлүп берилди;

-Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Коюн айылдык кеңешинде каза болгондугуна байланыштуу, Б.Мамбетакуновдун ыйгарым укуктары токтотулду, мандат кийинки шайланган депутаттыкка талапкер-жеке ишкер А.Жолдошбаевге өткөрүлүп берилди;

-Нарын облусунун Кочкор районунун Көк-Жар айылдык кеңешинде депутаттык ишти айкалыштырып иштөө мүмкүн болбогон кызматка дайындалгандыгына байланыштуу С.Ибраева ыйгарым укуктарын токтотту, мандат кийинки шайланган депутаттыкка талапкер-Көк-Жар айылындагы орто мектептин мугалими А.Кадыракуновго өткөрүлүп берилди;

-Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Токтогул шаардык кеңешинде А.Чоюбекова өз арызы менен ыйгарым укугун токтотту, мандат кийинки шайланган депутаттыкка талапкер-дыйкан чарбасынын мүчөсү У.Тойчубековго өткөрүлүп берилди; 
 
-Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинде А.Үмөталиев өз арызынын негизинде ыйгарым укугун токтотту, мандат Өзгөрүш айылындагы орто мектептин мугалими Ж.Болотбековго өткөрүлүп берилди.
 
КР БШК аппаратынын  маалыматтык  бөлүмү