КР БШК Ысык-Көл облусунун Кереге-Таш айыл аймагындагы №3112 жана Тепкен айыл аймагындагы №3093 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү боюнча токтом кабыл алды
20 сентября 2017
2017-жылдын 20-сентябрында КР БШКнын жыйынында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кереге-Таш айыл аймагындагы №3112 жана Тепкен айыл аймагындагы №3093 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү боюнча токтом кабыл алынды.
Ошентип, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Тепкен айыл аймагындагы №3093 шайлоо участкасы Курбу селосундагы клубдун имаратынан Ч.Осмонова атындагы орто мектептин имаратына көчүрүлдү.
Ал эми Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кереге-Таш айыл аймагындагы №3112 шайлоо участкасы Ж.Алышбаев атындагы орто мектептен Кереге-Таш селосундагы клубдун имаратына көчүрүлдү.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
