КР БШК Бишкек шаарындагы №1330 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү боюнча токтом кабыл алды
20 сентября 2017
2017-жылдын 20-сентябрында КР БШКнын жыйынында Бишкек шаарындагы Свердлов районундагы №1330 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү боюнча токтом кабыл алынды.
Ошентип, Бишкек шаарындагы Свердлов районундагы №1330 шайлоо участкасы Токтогул, 62 көчөсүндө жайгашкан СПИД менен күрөшүү жана алдын алуу шаардык Борборунун имаратынан Гоголь,59 көчөсүндө жайгашкан №65 Экология-экономика институтунун имаратына көчүрулдү.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
