Борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык 31 байкоочуну аккредитациядан өткөрдү
20 сентября 2017
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы эл аралык 31 байкоочуну аккредитациядан өткөрдү.
Индонезия Республикасынын Башкы шайлоо комиссиясынан жана КМШ Миссиясынан өкүлдөр эл аралык байкоочу каттарында аккредитациядан өтүштү. Бардыгы болуп эл аралык 31 байкоочу.
2017-жылдын 20-сентябрына карата КР Борбордук шайлоо комиссиясы дүйнөнүн 38 мамлекетинен 203 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү.
Аккредитациядан өткөн эл аралык байкоочулардын толук тизмеси менен ушул шилтеме аркылуу таанышсаңыздар болот.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
