КР БШК «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчү кулак өткөрдү
19 сентября 2017
2017-жылдын 19-сентябрында КР БШКнын алдындагы Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерден документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топ «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчү кулак өткөрдү.
«Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчү кулакты өткөрүү тартиби жөнүндө» Жобого ылайык чүчү кулак добуш берүү күнүнө чейин 25 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт.
Чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча шайлоо бюллетени төмөндөгүдөй болду:
- Зарлыков Эрнис Зарлыкович
- Үмөталиева Токтайым Джумаковна
- Сариев Темир Аргембаевич
- Кочкоров Улукбек Тойчубаевич
- Масадыков Таалатбек Шамудинович
- Бабанов Өмүрбек Токтогулович
- Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич
- Бекназаров Азимбек Анаркулович
- Жээнбеков Сооронбай Шарипович
- Мадумаров Адахан Кимсанбаевич
- Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич
- Малиев Арсланбек Касымакунович
- Төрөбаев Бакыт Эргешевич.
Чүчү кулак өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына катталган талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖМК өкүлдөрү жана коомдук байкоочулар катышты.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
