«Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчү кулакты өткөрүү тартиби жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөр киргизилди
19 сентября 2017
2017-жылдын 18-сентябрында КР БШКнын жыйнында «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчү кулакты өткөрүү тартиби жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу маселе каралды.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 10-октябрындагы №357токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчү кулакты өткөрүү тартиби жөнүндө» Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди:
-экинчи абзацта «2011-жылдын 10-октябрынан кечиктирбестен» деген цифралар жана сөздөр «добуш берүү күнүнө чейин 25 календардык күндөн кечиктирбестен» деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын;
-алтынчы абзацта «Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү» деген сөздөргө алмаштырылсын;
-10-абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:«Андан соң алып баруучу чүчүкулакка катышуунун кезектүүлүгүн аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер кылып каттоо тартибинде талапкерлерди (талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн) чакырат. Натыйжалар«Чүчү кулакка талапкерлердин (талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн) катышуусунун кезектүүлүгүн аныктоо жөнүндө» протоколго (№1 тиркеме) киргизилет. Андан ары чүчү кулакка катышуунун белгилүү кезектүүлүгүбоюнча ар бир талапкер (талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү) лотту алып чыгат жана лотту катышып олтургандардын бардыгына көрсөтүп, номерди жарыя кылат, ал «Шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча катталган талапкерлердин ортосунда чүчү кулакты өткөрүүнүн натыйжалары жөнүндө» протоколго (№2 тиркеме)киргизилет»;
-12-абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Өткөрүлгөн чүчүкулактыннатыйжалары боюнча маалыматтар тиешелүү протоколдорго киргизилет»;
-13-абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Протоколдорго Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын катышып отурган мүчөлөрү, талапкерлер (талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү) кол коет».
Ошондой эле:
-«Чүчү кулакка талапкерлердин (талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн) катышуусунун кезектүүлүгүн аныктоо жөнүндө» протоколдун формасы (№1 тиркеме) бекитилди;
-«Шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча катталган талапкерлердин ортосунда чүчү кулакты өткөрүүнүн натыйжалары жөнүндө» протоколдун формасы (№2 тиркеме) бекитилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
