Башкы Жаңылыктар Борбордук шайлоо комиссиясы республикадан тышкары жашаган Кыргыз Республикасынын …

Борбордук шайлоо комиссиясы республикадан тышкары жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына маалымат берүүдө

Борбордук шайлоо комиссиясы республикадан тышкары жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына маалымат берүүдө
18-Сен, 2017

2017-жылдын 15-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону уюштуруунун  алкагында КР БШК Кыргызстанда жана андан тышкаркы жерлерде  жашаган жарандарга шайлоо процессинин этаптары, добуш берүүнүн жол-жоболору, шайлоочулардын тизмесинен өз маалыматын тактоо жөнүндө маалыматтык иштерди жүргүзүүдө.

16-17-сентябрда Борборшайлоокомдун төрагасы Н.Шайлдабекова Казакстан Республикасынын Астана жана Алматы шаарларында жашаган мекендештер менен жумушчу жолугушууларды өткөрдү.   

Жолугушуунун негизги максаты: добуш берүүгө укугу бар, республикадан тышкары жашаган Кыргыз  Республикасынын  жарандарын  Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо добуш берүүнүн эрежелери  жана тартиби жөнүндө маалымат берүү болуп саналат. 

Кыргызстандан тышкары жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын Элчиликтеринде жана Консулдук мекемелеринде добуш бере алышат-деп белгиледи  БШКнын төрагасы.  

Шайлоочулардын тизмесине кирүү үчүн жарандар биометрикалык каттоодон өтүп, консулдук  учетко отурушу керек.

30-сентябрга чейин шайлоочу  жеке маалыматтарын өздөрү келген  мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларындагы  шайлоочулардын алдын ала тизмесинен же https://shailoo.srs.kg/. порталынан тактап алса болот.

Эгерде, шайлоочу өзүнүн маалыматтарында катаны,  так эместиктерди же өзүн тизмеден таппай калса, өзүнүн участкасына барып, шайлоо комиссиясына №3 формасында арыз жазуусу керек. Эгерде, шайлоочу добуш берүү учурунда республикадан тышкаркы жерлерде болсо,  ал  тиешелүү шайлоо участкасына  барып, консулдук учетко отуруу (убактылуу) үчүн №2формасындагы арыз толтуруп,  участкалык шайлоо комиссиясына  кайрылуу керек.

Кыргыз Республикасынан тышкаркы жерлерде 37 шайлоо участкасы  ачылган, анын ичинде экөөсү Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунда жана Астана шаарындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинде.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>