КР БШК Нарын облусунун Таш-Дөбө айыл аймагындагы №4110 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү боюнча токтом кабыл алды
15 сентября 2017
2017-жылдын 15-сентябрындагы КР БШКнын жыйынында Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл аймагындагы №4110 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү боюнча токтом кабыл алынды.
Ошентип, Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл аймагындагы №4110 шайлоо участкасы Таш-Дөбө орто мектебинен Н.Бийсеев атындагы спорт залынын имаратына көчүрүлдү.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
