КР БШК Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады

15 сентября 2017

2017-жылдын 15-сентябрындагы КР  БШКнын  жыйынында   Баткен облусунун  Баткен районунун  Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө  чечим  кабыл алынды.  

Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы  К. Эшмуратов  өз  арызы менен  ээлеген кызматынан бошотулган.
Ушуга  байланыштуу 2017-жылдын 3-октябрында  саат 9:00дөн 12:00гө чейин Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды.

Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык  уюштуруп өткөрүү  милдети  Баткен аймактык шайлоо комиссиясына  тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү