КР БШК алдыдагы шайлоону оперативдүү чагылдыруу үчүн ЕККУдан видеожабдууларды алды
14 сентября 2017
Бүгүн, 14-сентябрда КР Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтык бөлүмүнө Европа коопсуздук боюнча кызматташуу уюму (ЕККУ) тарабынан берилген видео-аппаратураларды салтанаттуу тапшыруу болду.
“Кыргыз Республикасында шайлоо системасын жакшыртууга жардам” долбоорунун алкагында ЕККУ Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын эл арасында маалымдоо иштеринин деңгээлин жогорулатуу боюнча атайын видеожабдууларды тапшырды.
ЕККУнун долбоору шайлоо системасын жакшыртууда эксперттик жана техникалык жактан шайлоону таза жана акыйкат өткөрүү боюнча жана шайлоочулардын укугун сактоодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө колдоо көрсөтүү болуп саналат.
Бул жабдууларды алуу менен видео жана аудио материалдарды оперативдүү даярдап, жалпыга маалымдоо каражаттарына берүү жана онлайн-отурумдарды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк ачылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
