Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Ч. Текебаевдин …

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Ч. Текебаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Ж. Жолдошбековдун арыздарын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө

10-Авг, 2017

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары-БШК) 2017-жылдын 1 жана 4-августунда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Ч. Текебаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Ж. Жолдошбековдон арыздар келип түшкөн, анда А.Ж. Жолдошбеков “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын отурумунда Ө.Ч. Текебаевге Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөгө катышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу маселесин карап чыгууну” суранган.

Бул маселе боюнча КР БШКнын Жумушчу тобунун кароосуна КР БШКнын мүчөсү Г.Джурабаеванын жана А.  Абдрахматованын КР БШКнын чечиминин долбоору тиркелген 2017-жылдын 8-августундагы кайрылуусу өткөрүлүп берилген.

КР БШКнын Жумушчу тобу бардык материалдарды, түшкөн арыздарды жана сунуштарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорунун негизинде, төмөнкүлрөдү белгилейт:

2017-жылдын 18-июнунда Текебаев Өмүрбек Чиркешевич Кыргыз Республикасынын жараны Канатбек Азиз аркылуу 21.10.2016-ж. №Д-1160 жарандык ишеним каты боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке коюу ниети жөнүндө арызын берген.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологияларынын башкы башкармалыгынын 13.07.2017-ж. маалыматы боюнча Ө. Текебаевге карата Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү жана 166-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2,4-пункттарында каралган  кылмыш белгилери боюнча т.а. кызмат абалынан пайдалануу менен коррупция жана алдамчылык фактысы боюнча өзгөчө ири өлчөмдө жасалган кылмыш иши козголгон, ал мындан ары иликтөө үчүн КР УКМКсына өткөрүлүп берилген.  

КР УКМКнын 7.08.2017-ж. маалыматы боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 27-февралындагы токтому менен Ө. Текебаевге бөгөт коюу чарасы катары КР УКМКнын СИЗОсунда кармоо менен камакка алуу тандап алынган. Тергөө амалдары аяктоо менен кылмыш иши Бишкек ш. Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилип, ал жерде бул иш маңызы боюнча каралып жатат.

Ө. Текебаев соттолуучу катары КР УКМКсынын СИЗОсунда кармалып, соттун юрисдикциясында турат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, жарандар ушул Конституцияда жана мыйзамдарда каралган тартипте мамлекеттик бийлик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоого жана аларга шайланууга укуктуу.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – КР КМ) 3-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, жарандар ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген талаптарды сактоодо шайлоого жана шайланууга өз укуктарын ишке ашырышат.

КР КМдын 50-беренеси менен Президенттин кызматына коюлган талаптар белгиленген. Президент болуп 35 жаштан төмөн эмес жана 70 жаштан жогору эмес, чет мамлекеттин жарандыгы жок, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат.

КР КМдын 53-беренесине ылайык, каттоо үчүн Президенттин кызматына талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү шайлоо күнүнө 45 календардык күн калгандан кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берет:

1) Президенттин кызматына талапкер болууга макулдугу жөнүндө арызды (арыздарды) тиркөө менен, өзүн-өзү көрсөтүү жөнүндө арызды же саясий партиянын талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечиминин протоколун;

2) өмүр баян маалыматтарын көрсөтүү менен, талапкер жөнүндө маалыматтардын таризин;

3) паспорттун көчүрмөсүн;

4) иштеген же окуган жеринен маалымдаманы;

5) ушул конституциялык Мыйзамда каралган шайлоо күрөөсүн төккөнүн ырастоочу документти;

6) ушул конституциялык Мыйзамдын 51-беренесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана КР КМдин 49-беренеси менен шайлоочулардын 30 миңден кем эмесинин колун топтогон адам Президенттикке талапкер болуп каттала алат деп каралган.

Жогоруда көрсөтүлгөн талаптар жана шарттар, аны Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер катары каттоо жана катталган талапкер катары  анын укуктарын мындан ары жүзөгө ашыруу үчүн  Президентикке көрсөтүлгөн талапкердин өзү тарабынан сакталышы жана аткарылышы кажет.

КР БШКга бериле турган  мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат тууралуу КР КМдын 51-беренеси менен сертификат ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мамлекеттик тилди билүү деңгээлине баа берүү чөйрөсүндөгү мекеме тарабынан тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча берилет деп белгиленген.

Сертификат башка документтер менен катар КР БШКга каттоо үчүн бериле турган талап кылынган документтердин бири гана болуп саналат. Ошондуктан, аны алуу жана БШКга берүү талапкерлерге коюлган конституциялык Мыйзамдын талаптарын сактоо үчүн Президентикке көрсөтүлгөн адам тарабынан  аткарылуучу аракеттердин эсебине кирет.

Мында сертификатты алуу үчүн талапкерлерге тең укуктук шарттарды камсыз кылуу үчүн БШК укуктук ченемдик акттын долбоорун – аныктоо үчүн тестирлөөнү өткөрүү тартиби жөнүндө жобону макулдашуу процессине катышкан, ал БШКда өткөрүлгөн практикалык көрсөтмө презентациясында тестирлөөнүн объективдүүлүгүнө жана күмөн санай турган нерселерден алыс болушуна ынанган. Мындан тышкары, ыйгарым укуктуу органга - Мамлекеттик тил боюнча комиссиясына тестирлөөнүн графигин белгилөө маселесин чечүү үчүн көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси берилген (талапкерлердин чыгып кетүүсү жана жаңы арыздардын түшүүсүн эске алуу менен улам жаңыртылып), анын негизинде тестирлөөнү өткөрүү графиги түзүлгөн.

Жогоруда белгиленгендей, Ө.Ч. Текебаевге карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуусу эчак эле шайлоо дайындалганга чейин колдонгон. Шайлоого катышуу эркин  жана ыктыярдуу болуп саналат. Талапкерликке ниеттенген жөнүндө арызын бергенде, алгач шектүү, андан кийин айыпкер болуп, азыркы учурда – соттолуучу болгон  Ө.Ч. Текебаев анын процессуалдык статусу процессуалдык укуктун юрисдикциясы болгондуктан, талапкерлерге карата мыйзамдарда белгиленген талаптарды жана укукту ишке ашыруу шарттарын ал тараптан аткарууга тоскоол болушу мүмкүн экендигин аңдап сезиши керек.

Шайлоо мыйзамдарда камакта турган, талапкерликке арызын берген талапкер тарабынан конституциялык Мыйзам менен белгиленген талапатарды сактоонун жана аткаруунун өзгөчө жол-жоболору каралган эмес.

КР БШКны чечим кабыл алуу жана Ө. Текебаевге мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөгө катышуу мүмкүнчүлүгүн (2017-жылдагы 4-августундагы арыз) “аны аткарууга көмөктөшкөн мамлекеттик органдарды милдеттендирген токтомду кабыл алуу жолу аркылуу” (2017-жылдагы 1-августундагы арыз) талабы укуксуз, себеби Ө. Текебаевдин соттолуучу сапатындагы учурдагы процессуалдык статусундагы бардык орун алмашуулары кылмыш жазык процессуалдык мыйзамдардын жана иш анын өндүрүшүндө болгон орган катары соттун юрисдикциясынын алкагында турат.   

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасында мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей”.

БШКнын ыйгарым укуктарына, сот органдардын компетенциясына кирген, тактап айтканда, камакта кармалуучу жайда турган соттолуучунун орун алмашуусун же жеткиликтүүлүгү маселелерин чечүү кирбейт, себеби кылмыш-процессуалдык аракеттер кылмыш-процессуалдык ченемдер менен жөнгө салынат жана ишти өндүрүшкө алган органдардын юрисдикциясына кирет.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, КР БШК өз ыйгарым укуктарынын чектеринде токтомдорду, нускамаларды, жоболорду, башка актыларды чыгарат жана алардын аткарылышын контролдойт. КР БШК мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктарынын алкагында гана чечимдерди кабыл алууга укуктуу.

А.Ж.Жолдошбековдун кайрылуусун жумушчу жыйналышта карап чыгып, аны камакта турган адамдын шайлоо укуктарынын бардык шарттарын ишке ашыруу механизминин жоктугу жөнүндө маалымдаган жана арыз ээсин сот органдарына кайрылууну сунуштаган. 

2017-жылдын 25-июлунда Биринчи май райондук соту Ө.Текебаевдин адвокаты К.Хасановдун мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо үчүн тестрилөөгө катышууну камсыз кылуу жана ушул максаттарга соттолуучунун паспортун берүү өтүнүчүн канааттандыруудан баш тарткан.

2017-жылдын 28-июлунда А.Ж.Жолдошбеков Бишкек ш. Район аралык  сотко төмөнкүдөй доо талаптары менен кайрылган:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Ө.Ч. Текебаевге мамлекеттик тилди билүүнү аныктоо үчүн тестирлөөгө катышуу, өтүү үчүн шарттарды түзбөгөндүгүндө көрсөтүлгөн аракетин (аракетсиздигин) мыйзамсыз деп табуу;

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясын талапкердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тесттен өтүү үчүн анын катышуусуна шарттарды түзүү жолу менен кетирген бузууларды жокко чыгарууну милдеттендирүү.

Бишкек ш. Район аралык  соттун 2017-жылдын 3-августундагы чечими менен шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жолдошбековдун арызы жарым-жартылай канааттандырылды:

-сот БШКнын аракетсиздигин Ө.Текебаевге мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тесттен өтүү үчүн анын катышуусуна мүмкүнчүлүктү камсыз кылуу тууралуу А.Жолдошбековдун арызын кароонун жыйынтыктары боюнча кандайдыр бир чечим (оң же терс) кабыл алынбагандыгы жагынан гана туура деп тапты

-сот жогоруда көрсөтүлгөн доо талаптардын башка бөлүктөрүн канааттандыруудан баш тартты

Мында, КР БШК Район аралык соттун чечимине макул болбогондуктан, ага даттанган, себеби арыз ээси тарабынан сот канааттандырган талап көрсөтүлгөн эмес жана сот өз чечиминде арыздын чегинен чыгып кеткен. 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  2017-жылдын 8-августундагы чечими менен Бишкек ш. район аралык  соттун 2017-жылдын 3-августундагы чечими күчүндө калтырылган.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун 2017-жылдын 10-августундагы чечимин эске алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесин, 52-беренесинин 1-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Ч. Текебаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Ж. Жолдошбековдун арыздарын канааттандыруудан баш тартуу тууралуу токтом кабыл алынды. (9 “макул”, 3 “каршы”).

КР  БШКнын  аппаратынын  маалыматтык  бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>