Башкы Жаңылыктар Шайлоо тутумун өркүндөтүү боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү: …

Шайлоо тутумун өркүндөтүү боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү: КРдин шайлоо тутумун өнүктүрүү Стратегиясынын контуру сунушталды

05-Авг, 2017

4-5-августта 2013-жылдын 22-майындагы (ПЖ №109) «Кыргыз Республикасындагы шайлоо тутумун өркүндөтүү боюнча  иш-чаралар» жөнүндө Президенттин жарлыгы менен уюштурулган шайлоо тутумун өркүндөтүү боюнча Жумушчу тобунун жаңыланган курамынын биринчи жыйыны Президенттин Аппаратынын жетекчисинин 1-орун басары Акрам Мадумаровдун төрагалыгы алдында өттү.

Талкууга КР юстиция министри Уран Ахмедов, КР ЖК депутаттары Дастан Бекешов, Умбеталы Кыдыралиев, Алмазбек Эргешов жана Турсунбек Күрөңкеев, Европа Кеңешинин Венециан комиссиясынын өкүлдөрү Светлана Анисимова, Сергей Кальченко жана Гулмира Маматкеримова, ЕКнин  КРдагы өкүлү Мартин Карлсон, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Валентина Лисиченко, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрү, анын ичинде Динара Ошурахунова, («Демократия үчүн Коалиция жана Жарандык коом» КБ)  Айнура Усупбекова («Жарандык платформа» КФ) жана КР БШКнын мүчөлөрү Кайрат Осмоналиев, Гульнар Журабаева, Бахтияр Кадыров, Атыр Абдрахматова катышты.

Жыйында КРдин шайлоо тутумун өнүктүрүү Стратегиясынын долбоорунун структурасы жана максаттуу багыттары, жергиликтүү кеңештердин ишин үзгүлтүккө учуратууга каршы иш-чаралар жөнүндө мыйзам долбоору (жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлерине болгон талап, кеңештин ишинин тартиби, жергиликтуу кеңештердин депутаттарынын жекече жоопкерчилиги тууралуу ж.б.) шайлоочулардын добушун сатып алгандыгы үчүн административдик жана кылмыш жоопкерчилиги тууралуу маселелер талкууланды.

Жыйындын катышуучуларына БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова, БШК шайлоону уюштуруучу катары КРнын шайлоо тутумун өнүктүрүү долбоорунун  Стратегиясынын түзүмүнө  кийирүүгө бир катар суроолордун топтомун сунуш кылды.

БШКнын төрагасы шайлоо процессинини мындан аркы реформасынын башкы максаты-жарандардын шайлоо процессине болгон ишенимин арттыруу керектигин белгиледи. «Жарандардын шайлоолорго болгон ишеними  шайлоо институтунун негизги лигитимдүүлүгү, ошол эле учурда, өлкөнү өнүктүрүүнүн  жана стабилдүүлүктү сактоонун фактору болуп саналат»-деп билдирди Н.Шайлдабекова.

БШКнын көз карашы боюнча Стратегиянын негизги милдеттери болуп,  шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктук мамилелерин реформалоо боюнча иштер эсептелет. Шайлоо процессиндеги укуктук мамилелер, шайлоо технологияларынан айырмаланып кечигүүдө.

Кыргыз Республикасынын шайлоо системасынын өнүгүү стратегиясынын максаттуу багыттарын талкуулоо менен, отурумдун катышуучулары   Стратегиянын негизги багыттары боюнча олуттуу сунуштарды киргизишти, мындан ары документтер менен иштөөнүн календардык планын түзүштү, өз ара аракеттенишүү форматын аныкташты, Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү, толук кандуу Концепциясын  түзүүгө катышуучулардын кеңири чөйрөсүн тартуу үчүн, коомдук угуулардын мөөнөтүн белгилешти.

Стратегиялык документтердин этаптарынын үстүнөн иш аяктагандан кийин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Туруктуу өнүгүүнүн Улуттук кеңешине сунушу кылынат.

Күн тартибин талкуулоо учурунда жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ишмердигинин тегерегинде курч талаш-тартыш жүрдү, бир катар жергиликтүү кеңештердин депутаттары ар кандай субьективдүү себептер менен төраганы шайлай албай калышкан кырдаал, өз кезегинде жергиликтүү коомдоштуктун маанилүү чечимдерин кабыл алууда ишке терс таасирин тийгизүүдө. Жергиликтүү кеңештерди таркатуу, жарандардын шайланган депутаттарга болгон наразылыгы себеп болгону, ал каржылык чыгымдарга алып келгендиги, убакыттын жана уюштуруу иштеринин  текке кеткендиги тууралуу жыйындын катышуучуларына маалымат берилди.

 Добуштарды  сатып алуу боюнча  жоопкерчилик темасын талкуулоодо, отурумдун катышуучулары  мурунку  курам баштаган, сатып алуулар боюнча жоопкерчиликке тартуунун натыйжалуу укуктук механизмдерин түзүү боюнча ишти улантуу керек деген, бир пикирге келишти.  Мамилелердин бири катары, бир кыйла өлчөмдөгү сатып алуулар боюнча жазык жазасына алып келген, колдонуудагы жазык жоопкерчилиги менен катар,  административдик жоопкерчиликти киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору жактырылды. 

 Мындан тышкары, шайлоонун жүрүшүндө, шайлоо органдарынын негиздүү чечим кабыл алынышына карата, партиялардын жана талапкерлердин жоопкерчилиги тууралуу бөлүмгө тактоо киргизүүнү иштеп чыгуу чечилди.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>