Айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоосунун дайындоо жана өткөзүү тууралу Календардык план жана чыгымдар сметасы бекитилди
28 января 2016
Бүгүн, 2016-жылдын 28-январында, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Баткен, Жалал- Абад, Нарын, Ыссык-Көл, Чүй, Ош областары жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоосун дайындоо жана өткөрүүнүн Календардык планын жана чыгымдарынын сметасын өзүнүн отурумунда бекитти.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 23-январындагы № 16 Жарылыгына ылайык, жогоруда аталып кеткен жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоосу 2016-жылдын 27-мартына дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Байбакпаев Экмат Джурукпаевич атын өзгөрткөндүгүнө байланыштуу, ага жаңы күбөлүк берилди.
