Башкы БШКнын ченемдик укуктук актыларынын архиви Күчүн жоготкондор Жоболор «Мамлекеттик телерадио уюмдардын каналдарында акысыз эфир убактысын жана …

«Мамлекеттик телерадио уюмдардын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрүү тартиби жөнүндө» НУСКАМА (күчүн жоготту)

- - - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларга жана шайлоонун башка катышуучуларына маалымдоо маселелери боюнча Жумушчу топ жөнүндө ЖОБО (күчүн жоготту) «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын  шайлоону өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусу жана аларды аккредитациялоо жөнүндө»  ЖОБО (күчүн жоготту) «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардын ортосунда, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлердин ортосунда чүчүкулак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө»  НУСКАМА (күчүн жоготту) “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана маалыматтарда камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүү боюнча Жумушчу топту түзүү жөнүндө” Жобо (күчүн ж Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежелерин сактоону контролдоо боюнча жумушчу топ жөнүндө ЖОБО (күчүн жоготту) Жергиликтүү кеңештердин  депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларга жана шайлоонун башка катышуучуларына маалымдоо маселелери боюнча  жумушчу топ жөнүндө  Жобо (күчүн жоготту) “КР БШКнын жана КР Өкмөтүнө караштуу МККнын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө” Жобо (күчүн жоготту) КР БШКнын жана КР Өкмөтүнө караштуу МККнын КР Президентин, КР ЖКнын депутаттарын шайлоону жана Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоо жана өткөрүү мезгилиндеги өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО (күчүн жоготту) Кыргыз Республикасынын шайлоосун жана референдумун өткөрүүдө айрым категориядагы жарандардын шайлоо укугун камсыз кылуу жөнүндө  ЖОБО (күчүн жоготту) - - Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү  учурунда жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредиттөө жөнүндө Жобо (күчүн жоготту) Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелеринин сакталышына контролдук кылуу боюнча Жумушчу топ жөнүндө ЖОБО (күчүн жоготту) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун иши жөнүндө ЖОБО (күчүн жоготту) Кыргыз Республикасынын шайлоосун жана референдумун өткөрүүдө айрым категориядагы жарандардын шайлоо укугун камсыз кылуу жөнүндө  ЖОБО (күчүн жоготту) “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо добуш берүүнү уюштуруужана тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө” Жобо (күчүн жоготту) «Шайлоону жана референдумдарды даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө аймактык шайлоо комиссиялары түзүүчү административдик укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүү тартиби жана анын формасы тууралуу» Нускама (күчүн жоготту) “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө” Жобо (күчүн жоготту) "Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө" ЖОБО (күчүн жоготту) Шайлоо комиссияларынын укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тартиби тууралуу Жобо (күчүн жоготту) Шайлоону өткөрүүдө шайлоо бюллетендерин жана референдумда добуш берүү үчүн бюллетендерин даярдоо, өткөрүп берүү жана сактоо тартиби жөнүндө  ЖОБО (күчүн жоготту) Кыргыз Республикасынын шайлоосун жана референдумун өткөрүүдө айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө Жобо (күчүн жоготту) «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо жөнүндө» Жобо (күчүн жоготту) Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун (ЫЧКТ)  ишинин тартиби жөнүндө  ЖОБО (күчүн жоготту) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардын өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө  ЖОБО (күчүн жоготту) Шайлоо алдындагы үгүт  жүргүзүүдө шайлоочулардын арасында акысыз жайылтууга тыюу салынбаган үгүт материалдардын жана товарлардын тизмеги (күчүн жоготту) Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО (күчүн жоготту) «Шайлоочунун кабинети» сервиси жөнүндө  ЖОБО (күчүн жоготту) Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган же жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууну камсыз кылуу жѳнүндѳ  ЖОБО (күчүн жоготту) «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардын жана талапкерлердин өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө» Жобо (күчүн жоготту) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө ЖОБО (күчүн жогтту) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуунун жана текшерүүнүн тартиби жѳнүндѳ  ЖОБО (күчүн жоготту) Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө ЖОБО (күчүн жоготту) Шаар мэрин шайлоо тартиби жөнүндө ЖОБО (күчүн жоготту) - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын атайын өкүлү жөнүндө ЖОБО (күчүн жоготту) Шайлоо жана референдум өткөрүүдө майыптыгы бар жарандардын  шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө ЖОБО (күчүн жоготту) Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча  Жумушчу топ жөнүндө ЖОБО (күчүн жоготту) Кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ жөнүндө» ЖОБО (күчүн жоготту) «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ жөнүндө»  ЖОБО (күчүн жоготту) «Мамлекеттик телерадио уюмдардын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрүү тартиби жөнүндө» НУСКАМА (күчүн жоготту)

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын

2017-жылдын 11-сентябрындагы

№437 токтому менен бекитилген

 

Мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрүү тартиби жөнүндө

(КР БШКнын 2020-жылдын 26-июнундагы № 119 токтомунун редакциясына ылайык)

НУСКАМА

1. Ушул Нускама Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак өткөрүүнүн жол-жобосун жөнгө салат.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) мамлекеттик телерадио уюмдардын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрүү датасын, убактысын жана ордун өз алдынча аныктайт.

Чүчүкулак талапкерлерди каттоо аяктаганда, бирок добуш берүү күнүнѳ чейин 35 календардык күндѳн кеч эмес, ал эми кайталап добуш берүүнү ѳткѳрүүдѳ – кайталап добуш берүү дайындалган күндѳн тартып бир күндѳн кеч эмес ѳткѳрүлѳт.

3. Уюштуруучулары (тең уюштуруучулары, ээлери) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же аларга караштуу мекемелер жана ишканалар болуп саналган, толугу менен же жарым-жартылай республикалык же жергиликтүү бюджеттен финансыланган жалпыга маалымдоо каражаттары же интернет-басылмалар, ошондой эле башка жалпыга маалымдоо каражаттарына салыштырганда салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча жеңилдиктерге ээ болгон жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлерге, саясий партияларга шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн бирдей мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылууга милдеттүү.

4. Катталган талапкерлер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар өздөрүнө мамлекеттик телерадио уюмдардын каналдарында акысыз эфир убактысы жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянты берилишине укуктуу. Көрсөтүлгөн эфир убактысы теле- жана радиопрограммалар алда канча көп аудиторияны чогулткан –20.00дөн 24-00 саатка чейинки мезгилге туура келүүгө тийиш.

5. Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына кѳрсѳтүүнү ишке ашырган телерадио уюмдарынын каналдарында ѳткѳрүлгѳн кошмо үгүт иш-чараларында (дебаттарда жана башка ошого окшош иш-чараларда) катталган талапкерлердин, анын ичинде саясий партиялардын катталган тизмесиндеги талапкерлердин ѳздѳрү гана катышууга тийиш.

Катталган талапкердин же саясий партиянын ѳкүлдѳрүнүн жана колдоочу топторунун мындай иш-чарага катышуусуна жол берилбейт.

Кошмо үгүт иш-чараларына катышуудан баш тартканда же келбей койгондо башка учурга эфирдик убакыт берилбейт.

6. Борбордук шайлоо комиссиясы чүчүкулакты өткөрүү күнүнө чейин үч календардык күндөн кечиктирбестен катталган талапкерлерге, талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партияларга чүчүкулакты өткөрүү датасы, убактысы жана орду жөнүндө маалымдайт жана акысыз эфир убактысын жана басма аянтын алуу үчүн чүчүкулакка катышууга алардан келип түшкөн арыздарды каттайт.

7. Чүчүкулакты өткөрүү датасы, убактысы жана орду жөнүндө билдирүүнү алгандан кийин катталган талапкерлер, талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партиялар чүчүкулакты өткөрүү күнүнө чейин бир календардык күн мурда Борбордук шайлоо комиссиясына чүчүкулакка катышуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызды жөнөтүүгө тийиш. Чүчүкулакка талапкерлер, саясий партиялар Борбордук шайлоо комиссиясына арызды берген датасына жана убактысына жараша кезек боюнча киргизилет.

8. Чүчүкулакка төмөнкүлөр катышат:

- катталган талапкерлердин, талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;

- жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү.

Чүчүкулакты өткөрүүдѳ байкоочулар катары коомдук, анын ичинде эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катыша алат.

9. Чүчүкулак ар бир телерадио уюм жана басылма боюнча өз-өзүнчө өткөрүлөт.

10. Мезгилдүү басылмалардагы басма аянт беттерде жайгашкан орду боюнча жана газета чыгуучу дата боюнча чүчүкулак аркылуу бөлүштүрүлөт. Телерадио уюмдардын каналдарындагы эфир убактысы эфирге чыгуу датасы, убактысы жана шайлоо алдындагы үгүттүн түрлөрү боюнча (жеке сөз сүйлөө, дебаттар жана «тегерек столдор») чүчүкулак аркылуу ар бир телерадио уюм боюнча өз-өзүнчө бөлүштүрүлөт.

11. Чүчүкулакты уюштуруу жана өткөрүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын буйругу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчѳлѳрүнүн, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлеринин ичинен беш адамдан турган Чүчүкулак боюнча топ түзүлөт.

12. Чүчүкулакты өткөрүү үчүн Чүчүкулак боюнча топ катталган талапкерлердин, талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партиялардын саны боюнча бирдей, номер коюлган шарларды даярдайт, алар эркин формадагы тунук эмес сыйымдуулукка жайгаштырылат. Катталган талапкерлер же катталган талапкерлердин, талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү номер коюлган шарларды кезек-кезеги менен алып чыгат.

13. Алынып чыккан шарлардын номерлерине ылайык акысыз эфир убактысын жана акысыз басма аянтын берүүнүн тиркемеге (№ 1 тиркеме) ылайык Графиги түзүлөт.

14. Чүчүкулактын учурунда катталган талапкердин ФАЖ же катталган талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ФАЖ, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын аталышы, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн, чүчүкулакка катышкан саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ФАЖ, кезектүүлүк аныкталуучу позиция (жеке сөз сүйлөө, дебаттар, «тегерек стол», басылмалардын беттериндеги материалдарды жайгаштыруу орду) жана алынып чыккан шардын номери жарыя кылынат. Чүчүкулактын натыйжалары протокол менен жол-жоблоштурулат. Маалыматтар тиркемеге (№2 тиркеме) ылайык Чүчүкулакты өткөрүү протоколуна киргизилет.

15. Эфир убактысын, басма аянтты бөлүштүрүү боюнча чүчүкулактын протоколуна тиешелүү телерадио уюмдардын жана басылмалардын катышып олтурган өкүлдөрү, ошондой эле катталган талапкерлер же катталган талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол коет.

16.Чүчүкулактын натыйжасында белгиленген эфирдик убакытты бѳлүштүрүү графиги Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен бекитилет жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына, тийиштүү түрдѳ мамлекеттик мезгилдүү басма сѳз басылмасында жарыяланат.

17. Талапкерлер же саясий партиялар пайдаланбагандыгына байланыштуу бошогон акысыз эфир убактысы жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы басма аянты тиешелүү телерадио уюмдары жана мезгилдүү басма сѳз басылмалары менен макулдашуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан пайдаланылат.