2011-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо жөнүндө БШКнын Токтом
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 1- жана 2-бөлүктөрүнө, 55-беренесине ылайык, протоколдордо камтылган маалыматтарды кошуу аркылуу көрсөтүлгөн протоколдорду түзүүнүн туура экендигин алдын ала текшерүүдөн кийин добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы төмөнкүлөрдү аныктады:
1. Шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын жалпы саны - 3 032 666 шайлоочуну түздү.
2. 2011-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын саны – 1 858 632, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын 61,28%тин түзөт.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Осмонов Курманбек Эргешович 2 452 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,13%тин түзөт.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич 266 189 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 14,32%тин түзөт.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Калматов Анарбек Баратович 13 609 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,73%тин түзөт.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Исабеков Кубанычбек Сатиндиевич 3 239 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,17%тин түзөт.
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Бакир уулу Турсунбай 15 195 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,82%тин түзөт.
8. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Колубаев Торобай Куназович 1 941 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,1%тин түзөт.
9. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Байболов Кубатбек Калбекович 15 427 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,83%тин түзөт.
10. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Иманкулов Марат Муканович 5 578 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,3%тин түзөт.
11. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Атамбаев Алмазбек Шаршенович 1 161 929 добуш алды, бул 62,52%ти, башкача айтканда, шайлоого катышкан бардык шайлоочулардын добушунун жарымынан көбүн түзөт.
12. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич 8 770 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,47%тин түзөт.
13. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Дыйканов Сооронбай Сабырович 1 339 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,07%тин түзөт.
14. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Суваналиев Өмүрбек Исакович 16 143 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,87%тин түзөт.
15. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Мадумаров Адахан Кимсанбаевич 274 639 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 14,78%тин түзөт.
16. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Айтикеев Акбаралы Ысырайылович 2 081 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,11%тин түзөт.
17. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Асанбеков Темирбек Ишенбаевич 17 232 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,93%тин түзөт.
18. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Каримов Алмазбек Ташполотович 1 305 добуш алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,07%тин түзөт.
19. “Бардыгына каршы” позициясы үчүн 13 419 шайлоочу добуш берди, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0, 72%тин түзөт.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде жана “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пунктун, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 1- жана 2- бөлүктөрүн, 55-беренесин, 58-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө” 2011-жылдын 12-ноябрындагы протоколу түзүлсүн жана ага кол коюлсун (тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө” 2011-жылдын 12-ноябрындагы протоколу бекитилсин.
3. 2011-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо болду деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө” 2011-жылдын 12-ноябрындагы протоколуна ылайык Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыктары төмөнкүдөй аныкталсын:
62,52% добушту, башкача айтканда, шайлоого катышкан бардык шайлоочулардын добушунун жарымынан көбүн алган Атамбаев Алмазбек Шаршенович Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланды деп эсептелсин.
5. Атамбаев Алмазбек Шаршенович Кыргыз Республикасынын Президенти болуп катталсын.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына киришүүдө Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайлангандыгы жөнүндө күбөлүк, айырмалоо белгиси –Кыргыз Республикасынын Президентинин төш белгиси жана Штандарты (желеги) тапшырылсын.
7. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын.
Төрага Т.Абдраимов
Төраганын орун басары Г.Джурабаева
Төраганын орун басары А.Шайымкулова
Кыргыз Республикасынын Борбордук
шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү
|
Абдукадыров К.А.
|
Бапанова Ж.Б. |
|
Акматов Ж.А. |
Баялинов А.Ж. |
|
Асаналиев А.Т. |
Бекбасаров Р.Б. |
|
Ашимов Н.А. |
Кадырбеков И.Д, |
|
Баатырова Г.М. |
|
Бишкек ш., 2011-жылдын 12 ноябры
№418
