2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарындагы 14 айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады

Март 11, 2023

2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарындагы 14 айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады

 2023-жылдын 9-мартында «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарындагы 14 айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн талапкерлерди көрсөтүү аяктады. 

14 айылдык кеңешке бардыгы 254 депутат шайланат, анын ичинде 97 мандат аялдар үчүн резервге калтырылды.

Көрсөтүлгөн талапкерлердин жалпы саны 493 адам, анын ичинде 174  аял-талапкер көрсөтүлдү. 

Толук маалымат Баткен медиа тарабынан жасалган видео сюжетте