«Түндүк» мобилдик тиркемесинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн шайлоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган жаңы санариптик кызмат - «Шайлоочунун кабинети» ишке киргизилди. Кызмат шайлоочуларга онлайн форматта өзүнүн шайлоо участогу тууралуу маалымат алууга, буга чейин берилген арыздарды көрүүгө, ошондой эле шайлоо участоктору боюнча каттоосу кайда которулганы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин «Шайлоочунун кабинети» өзүнчө веб-сайт түрүндө жеткиликтүү болсо, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн анын функционалы «Түндүк» мобилдик тиркемесине көчүрүлдү. Бул шайлоочуларга керектүү маалыматтарды бирдиктүү мамлекеттик санариптик канал аркылуу тез жана ыңгайлуу алууга шарт түзөт. Бул кызматтын ишке киргизилиши шайлоо процессин санариптештирүү, мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жарандардын шайлоого байланыштуу маалыматтарды алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Жаңы мобилдик кызмат «Түндүк» тиркемесинин колдонуучулары үчүн каттоодон өткөндөн кийин жеткиликтүү.
«Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Шайлоочунун кабинети» санариптик кызматы ишке киргизилди
15-Июн, 2026
YouTube'дан көрүү
Башка видеолор
16-Окт, 2026
2026-жылдын 16-октябрында Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйыны өттү
15-Окт, 2026
Шайлоочунун кабинети ишке кирди — керектүү шайлоо кызматтары бир жерде
15-Окт, 2026
Шайлоочунун кабинети ишке кирди — керектүү шайлоо кызматтары бир жерде
13-Окт, 2026
Байкоочунун шайлоодогу укуктары жана милдеттери
13-Окт, 2026
Байкоочунун шайлоодогу укуктары жана милдеттери
07-Окт, 2026
КР БШКнын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоосуна даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча УТРК Баткен телеканалына маек берди.
07-Окт, 2026
Талапкерди онлайн колдоону каалайсызбы?
07-Окт, 2026
Талапкерди онлайн колдоону каалайсызбы?
07-Окт, 2026
Тынчтык Шайназаров кыйынчылыктардын шартындагы шайлоолор жана шайлоо системасынын туруктуулугу: Кыргызстандын тажрыйбасы жөнүндө
05-Окт, 2026