№67

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча жогору турган шайлоо комиссияларына шайлоо документтерин жана референдум документтерин жеткирүү, өткөрүп берүү жана кабыл алуу учурунда аларды санкцияланбаган жеткиликтүүлүктөн коргоону камсыз кылуу тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 485 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 9-июнундагы № 113 конституциялык Мыйзамынын 2-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча жогору турган шайлоо комиссияларына шайлоо документтерин жана референдум документтерин жеткирүү, өткөрүп берүү жана кабыл алуу учурунда аларды санкцияланбаган жеткиликтүүлүктөн коргоону камсыз кылуу тартиби жөнүндө” 2017-жылынын 28-сентябрындагы № 485 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча жогору турган шайлоо комиссияларына шайлоо документтерин жана референдум документтерин жеткирүү, өткөрүп берүү жана кабыл алуу учурунда аларды санкцияланбаган жеткиликтүүлүктөн коргоону камсыз кылуу тартиби жөнүндө жободо:

1) 1-главанын 1.4.-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтарында “жараксыз” деген сөздөн кийин “, пайдаланылбаган (керектен чыгарылган)” жана “, колдонулбаган (керектен чыгарылган)” деген сөздөр алып салынсын;

2) 2-главада:

а) 2.1.-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“2.1. Бардык бузулган шайлоо бюллетендери саналат жана пакетке таңгакталат, ал участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү жана анын мүчөлөрүнүн колдору менен бекитилет. Пакетке “Бузулган” жана/же “Добуш берүү үчүн бузулган бюллетендер” деген жазуу жазылат, алардын саны жана шайлоо участогунун номери көрсөтүлөт.”.

б) 2.7. -пунктта:

– биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“2.7. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы же катчысы тарабынан төмөнкүдөй документтер өзүнчө бир папкага таңгакталат:”;

– 3-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;

– жыйырма биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Округдук/аймактык шайлоо комиссиясына сейф-пакеттер менен бирге берилүүчү кутуга же мүшөккө папка салынбайт.”.

в) 2.9., 2.12. -пункттарда “аймактык” деген сөз “округдук/аймактык” деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 3-главада:

а) 3.1. -пунктта “аймактык” деген сөз “округдук/аймактык” деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 3.3. -пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“3.3. Участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен Сейф-пакети округдук/аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан ачууга жол берилбейт.”;

в) 3.4. -3.6. -пункттарда ар түрдүү сандык жана жөндөмөлүк формалардагы “аймактык шайлоо комиссиясы” деген сөздөр тиешелүү сандардагы жана жөндөмөлөрдөгү “округдук/аймактык шайлоо комиссиясы” деген сөздөргө алмаштырылсын;

г).3.7. -пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“3.7. Округдук/аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун биринчи нускасы жана жыйынды таблицасы бар, ошондой эле участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтык протоколунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү бар сейф-пакеттерди Борбордук шайлоо комиссиясында гана акт боюнча ачууга жол берилет, анда сейф-пакеттердин идентификациялык номерлери көрсөтүлүүгө тийиш.”.

2. Бул токтом “Эркин Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                        Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 29-августу

№ 67