№65

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

 

Шайлоо фонддорун түзүүнүн жана каражаттарын чыгымдоонун тартиби, отчеттордун мөөнөттөрүн жана формаларын бекитүүнү жөнгө салуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндөжобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө жобо тууралуу”
2020-жылдын 26-июнундагы № 112
токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө жобо тууралуу” 2020-жылдын 26-июнундагы № 112 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” 2021-жылдын 29-августундагы № 662 токтому.

3. Бул токтом “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага                                                                                  Т. Шайназаров

                  

Бишкек ш., 2025-жылдын 29-августу

№ 65