28.08.2026 №92

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы 212 “Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын шайлоо комиссиялары тарабынан кароо тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) кароодо мыйзамдуулукту, объективдүүлүктү жана шайлоо мыйзамдарынын бирдей колдонулушун, жарандардын шайлоо укуктарынын жана эркиндиктеринин натыйжалуу корголушун камсыз кылуу, ошондой эле арыздарды (даттанууларды) кароо жана чечүү тартибин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы № 212 “Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын шайлоо комиссиялары тарабынан кароо тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

“Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары тарабынан кароонун тартиби жөнүндө” Жободо:

-1.3 жана 1.5 пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;

- 1.4-пункттун төртүнчү абзацында аймактык шайлоо комиссиясы деген сөздөргө чейин “округдук/ деген сөз менен толукталсын;

- 2.3-пунктта Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө конституциялык Мыйзамынын деген сөздөргө чейин 32 деген сандар 34 деген сандарга алмаштырылсын;

- 4.4-пунктта “Электрондук Реестр деген сөздөрдөн кийинки камтылат деген сөз камтылышы мүмкүн деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р. Ш. Жакышовго жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                  Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2026-жылдын 28-августу

№ 92