28.07.2025 №47
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Ош, Майлуу-Суу, Кадамжай, Айтматов, Жумгал, Нарын, Ысык-Көл, Жети-Өгүз жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
1. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин
2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери:
–.Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 11-июлундагы № 4 Ош шаарынын Ош шаардык кеңеши боюнча;
–.Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 2-июлундагы № 4 Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык кеңеши боюнча;
–.Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 14-июлундагы № 8 Баткен облусунун Кадамжай районунун Исхак-Полотхан жана .2025-жылдын 24-июлундагы № 10 Баткен облусунун Кадамжай районунун А. Орозбеков айылдык кеңештери боюнча;
–.Айтматов аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 11-июлундагы № 6 Талас облусунун Айтматов районунун Аманбаев айылдык кеңеши боюнча;
–.Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 10-июлундагы № 7 Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңеши боюнча;
–.Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 17-июлундагы № 6 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаардык кеңеши боюнча;
–.Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 24-июлундагы № 11 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык кеңеши боюнча;
–.Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 21-июлундагы № 11 Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айылдык кеңеши боюнча.
2) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 11-пунктунун жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 9-пунктунун негизинде, Нарын облусунун Нарын районундагы Учкун айылдык кеңеши боюнча депутат каза болгондугуна байланыштуу жергиликтүү кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 21-июлундагы № 3 чечими.
3).“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, бош калган мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери:
–.Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 14-июлундагы № 9 Баткен облусунун Кадамжай районунун Исхак-Полотхан жана .Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 24-июлундагы № 11 Баткен облусунун Кадамжай районунун А. Орозбеков айылдык кеңештери боюнча;
–.Айтматов аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 11-июлундагы № 6 Талас облусунун Айтматов районунун Аманбаев айылдык кеңеши боюнча;
–.Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 10-июлундагы № 8 Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңеши боюнча;
–.Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 21-июлундагы № 3 Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айылдык кеңеши боюнча;
–.Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 24-июлундагы № 11 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык кеңеши боюнча;
–.Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 21-июлундагы № 12 Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айылдык кеңеши боюнча.
4) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 11- бөлүгүнүн негизинде, бош калган мандаттарды саясий
партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери:
–.Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 11-июлундагы № 4 Ош шаарынын Ош шаардык кенеши боюнча;
–.Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 2-июнундагы № 4 Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык кенеши боюнча;
–.Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 17-июлундагы № 6 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаардык кеңеши боюнча.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, “Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет”.
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8 беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
–. Ош, Майлуу-Суу, Кадамжай, Айтматов, Жумгал, Нарын, Ысык-Көл, Жети-Өгүз жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык.
–. Ош, Майлуу-Суу, Кадамжай, Айтматов, Жумгал, Нарын, Ысык-Көл, Жети-Өгүз жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарын тизмеде катталган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
3. Ош, Майлуу-Суу, Кадамжай, Айтматов, Жумгал, Нарын, Ысык-Көл, Жети-Өгүз жана Чүй аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 2-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 28-июлу
№ 47
